БИРИНЧИ СЕНТЯБРЬ – БИЛИМ КҮНҮ!
Кымбаттуу окуучулар! Урматтуу ата-энелер, кесиптештер жана майрамдын коноктору!Мен чын жүрөктөн баардыгыңыздарды 1-сентябрь майрамыңыздар менен куттуктайм!Бул жаңы окуу жылынын башталышы, билим үчүн, эң жакшы баалар үчүн, ишенимдүү достор үчүн, жаңы бийиктиктерди багындыруу үчүн күрөштүн башталышы!
1-сентябрь — бүгүн биринчи класс болгон балдардын жашоосундагы жаңы этаптын башталышы. Биринчи сентябрь – Билим күнү! Мектеп дүйнөсүнө кош келиңиздер! Билимдердин жана ачылыштардын бул укмуштуу дүйнөсү менен тайманбай таанышыңыздар! Биринчи мугалим жана жарык мектептин классы сиздерди күтүп жатат! Сабактар жадатма эмес, китептер – кызыктуу, ал эми мектептеги достук бекем болсун!
Урматтуу өзүнүн баласын толкундануу менен мектепке узаткан ата-энелер, чоң эне, чоң аталар! Силерди да майрамыңар менен куттуктайм! Балдарыңар силерди бат-баттан кубандырып турсун, жана силерге сабырдуулук каалайм. Силерде дайыма балдарга көнүл бөлүүгө убакыт, мээрим, суйүү жана энергия болуп турсун!
Бүгүн мугалимдерге ыраазычылыктын жылуу сөздөрүн айткым келет. Силер окуучуларга илимдерди таанууга жардам бересиңер, жаңы түшүнүктөрдү ачасыңар, түшүнүксүз нерселерди түшүндүрөсүңөр. Силер принципиалдуулуктун жана сезимталдуулуктун үлгүсүсүңөр, силердин талантыңар, чыдамдуулугуңар, жоопкерчилигиңер – ийгиликтүү окутуунун шарттары! Сиздердин алдыңыздарда жаңы пландар, жаңы ийгиликтер жана жетишкендиктер болсун! Ден-соолук сиздерге!
Биздин мектеп жаңы окуу жылына даяр. Бүгүн биздин гимназиянын меймандос ачылган босогосун аттаган баардыгыңыздарга ийгиликтерди каалайм!
Комментарии