Баардык мектептердей эле биздин С.Молдокулов атындагы Эфиронос ЖББОМде да акыркы коңгуроо аземи болуп өттү.
Акыркы коңгуроо аземи кадимкидей эле оюн-зоок менен коштолду. Бүтүрүүчүлөр концерт коюп. 1-класстын окуучулары аларды узатып, ыр дестелерин тартуулашты.
Мектептин директору Бегалиев Нурмат Ишенбекович бүтүрүүчүлөргө каалоо тилегин айтып , мектептин эң жакшы жана жакшы окуган окуучулары мектептин ардак грамотасы менен сыйланышты.
Бир жагы сүйүнүчтүү, бир жагы өкүнүчтүү . Анткени ушуга чейин биз окутуп , тарбиялаган балдарыбыз мектепти бүтүрүп атат. Балдарга кааларыбыз ак жол! Буйруса, алдыда келе жаткан эгзамендерин ийгиликтүү бүтүрүп , каалаган ой-максатына жетишсин.
Комментарии