С.Молдокулов атындагы Эфиронос ЖББОМ орто мектебинде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган төмөнкүдөй салтанаттуу маарекелик иш-чаралар уюштурулду :
- концерттик программалар;
- спорттук мелдештер ( волейбол жана эстафеталык оюндар)
- көркөм жана сүрөт көргөзмөлөрү;
- эскерүү
Биз башкы майрам, экинчи дүйнөлүк согушта жеңишке жеткен күндү белгиледик. Бул күн эрдиктин, баатырдыктын жана Мекенге болгон сүйүүнүн символу катары тарыхыбызда түбөлүк калат. Бул майрам бизге биримдикти, биз бирге күчтүү экенибизди,дүйнөнү коргоп, жакындарыбызга кам көрүшүбуз керектигин эскертип турат .
Ушул күнү дүйнөгө,
Улуу тынчтык орногон,
Унутулбайт эч качан
Улуу жерин коргогон.
Комментарии